Айтматов ааламы


12-декабрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин демилгеси менен 7 университет жана “Лидер” жаштар клубу биргеликте улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Айтматов ааламы” аттуу масштабдуу иш-чара өткөрүштү

Алгач студенттер Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, Айтматовдун жаркын элесине куран түшүрүп кайтышты. Андан кийин коомдук унааларда  Айтматовдун китептерин окуу акциясы уюштурулду. Иш-чара К. Тыныстанов атындагы жыйындар залында концерттик программа менен уланды. 

“Чыңгыз Айтматов ааламдын жылдызы. Ал кыргыз адабиятынын гана эмес дүйнөлүк адабияттын беттеринде кылымдар бою сакталып калат.”- деди ректор, Проф., Док., Себахаттин Балжы.

 Айта кетсек, Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Талас облусундагы Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. Ал тирүү болгондо 88 жашка чыкмак. 

Даярдаган: Асел Шамилова