Экономика клубунун алгачкы оюну өткөрүлдү


15-декабрь күнү Экономика жана Башкаруу факультетинин 1-курсунун студенттери үчүн “Экономика” клубу тарабынан “Экономика дүйнөсү” аталышындагы интеллектуалдык оюн өткөрүлдү. 

Таймаш аталган факультеттин студенттеринин ой-жүгүртүүсүн арттыруу, достукту чыңдоо жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган. Оюнда жалпы жети команда күч сынашып, катышуучулар 3 турдан турган оюнда экономика жаатындагы логикалык жана илимий суроолорго жооп беришти. 

Жыйынтыгында командалардын ичинен алдыга озуп чыгып, 1-орунду “ОББП” командасы ээлесе, аз гана упай менен артта калган “Мин Фин” 2-орунга жана “Социал демократтар” 3-орунга татыктуу болуп, ардак грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. 

Эске сала кетсек, “Экономика” интеллектуалдык клубу 2000-жылы түзүлгөн окуу жайыбыздагы эң алгачкы клубдардын бири. Учурда Бекзат Тарыхчиевдин жетектөөсүндө клубда 15 ге чукул студент иш алып барууда. 

 

Даярдаган: Адинай Курманова