Бул жолку коноктор Ысык-Көлдөн келишти


15-декабрда Кыргыз-Түрк “Манас” университетине Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан окуучулар келип, университетибизди көрүп, андагы мүмкүнчүлүктөр менен таанышып кетишти. 

Экскурсияга атайын тандалып алынган 20га жакын окуучу келди. Алар өз мектебинин отличниктери, активисттери жана сыймыктары болуп саналат. Алгач эле аларга университетибизди таанытуучу видео көрсөтүлүп, андан соң алар  коммуникация, инженерия факультеттеринин имараттарына карай жол алышты. Ошондой эле аларга китепкана, cтуденттер үйү жана спорт, бий залдары көрсөтүлдү.  Мындан тышкары окуучуларга университетибиз тарабынан түшкү тамак берилди. 

Эске сала кетсек, буга чейин Нарын облусунун Ак-Талаа районунун окуучулары университетибиз менен жакындан таанышып кетишкен. 

Таанытуу иш-чаралары университетибиздин студенттеринен түзүлгөн таанытуу командасы тарабынан ишке ашырылып келет.

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева