Бөбөктөргө Жаңы жылдык белектер берилет


16-декабрда Кесиптик жогорку мектебинин мугалимдери жана студенттери тарабынан кайрымдуулук жарманкеси уюштурулду.

Жарманке  балдар үйүндөгү бөбөктөргө  Жаңы жылдык белектерди алуу максатында уюштурулуп, анда тамак-аштар жана студенттер өздөрү токуган кийимдер сатууга коюлган.

Жалпысынан 13 617 сом чогулуп, уюштуруучулар шаар сыртындагы балдар үйлөрүнүн бирине барууну пландап жатышат. 

“Азырынча кайсы балдар үйүнө бараарыбызды чече элекпиз. Эң негизгиси шаар сыртындагы жетимканалардан бири болушу керек. Себеби шаар сыртындагы балдар үйлөрүнө көбү барышпайт. Биз барып Жаңы жылдык маанай тартуулоо менен бирге белектерибизди берип кайтабыз”-дейт уюштуруучулар.

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева