Анимациялык фильмдер көрүүчүлөрдүн сынына коюлду


15-декабрь күнү Коммуникациянын кинозалында аталган факультеттин студенттери менен “Айтыш фильм” киностудиясы тарабынан тартылган анимациялык фильмдер көрсөтүлдү.

Ачылыш сөзүн сүйлөгөн университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы “Ар бир студенттин сапаттуу кинолорун көргүбүз келет. Ал үчүн биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз”,- деп баса белгиледи. Ал эми факультеттин деканы проф., док. Хамза Чакыр “Өзүбүздүн жараткан эмгектерибизди өзүбүз сыймыктануу менен көрсөк бул биз үчүн чоң үлүш”,- деп билдирди. 

Көрүүчүлөргө “Көлдөгү алтын”, “Саат 7 ден кийинки жашоо”, “Адамдын пейили”, “Жалкоо”, “Ажыдаардын үңкүрү” аталышындагы тарбиялык мааниге ээ анимациялык фильмдер тартууланды. Соңунда атайын чакырылган педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рыспаев менен “Айтыш фильм” киностудиясынын өкүлдөрү мастер класс өтүштү. Ошондой эле студенттердин кызыккан суроолоруна жооп берип, анимациялык фильм тартуунун жол-жоболорунан тартып, көрүүчүлөргө тийгизген таасирине чейин маек куруп кайтышты.

Эске сала кетсек, быйыл анимациялык фильмдердин 45 жылдыгы белгиленүүдө. Буга утурлай окуу жайыбыздын студенттери анимациялык фильмдердин үстүндө эмгектенишүүдө.

 

                                                   Даярдаган: Адинай Курманова