“Manas LIFE” 1 жашта


16-декабрда Коммуникация факультетинин кинозалында “Manas LIFE” студенттик порталынын туулган күнүнө карата “Кино кечеси” уюштурулду.  

Кечеде “Үйдө жалгыз”, “Биртууганчик” фильмдери көрсөтүлүп, аны менен бирге “Modern Dance” бий группасынан бий, кызыктуу оюндар жана белектер менен коштолду. Ошондой эле команданын жалпы жамааты тааныштырылып, портал тарабынан тартылган видеолор сунулду.

“Жасап жаткан ар бир ишибиз сиздер үчүн. Биздин эмгекти баалап, бизге колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн ыраазымын жана артымда тирек болуп бир муштумдай түйүлүп турган командамдын ар бир мүчөсүнө рахмат”-деди, порталдын жетекчиси жана негиздөөчүсү Солтобек Эркин.  

Айта кетсек, “Manas LIFE” порталы 2015-2016-окуу жылында Студенттик Кеңештин демилгеси менен ишке киргизилген. Кыска убакыттын ичинде көптөгөн күйөрмандарга ээ боло алган биринчи маанайшат жана эркин портал болуп саналат. Ал эми курамы өзүн ар тараптан өнүктүрүүнү каалаган жана келечекте өздөрүн медиа жаатында көргүсү келген студенттерге толгон. Порталдын башкы максаты университеттин жашоосун сапаттуу, кызыктуу, жандуу жана маанайшат мүнөздө чагылдыруу.

 

Порталды координациялоо иши университетибиздин Студенттик иштер башкармачылыгынын  Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү багыттоо бөлүмү тарабынан  жүргүзүлөт. 

 

Даярдаган: Асел Шамилова