Китеп-билим булагы


20-декабрда “Инсандык өнүгүү” клубу тарабынан “Китеп – билим булагы” аттуу кезектеги семинар уюштурулду. 

Семинардын коногу КТМУнун окутуучусу, “Турмуш сабактары”, “Табигат сырлары” китептеринин автору Бакыт Жунусалиев болуп, китеп окуунун сырларын, пайдалуу тараптарын жана китеп окуган адам менен окубаган адамдардын айырмасын ачык-айкын тушүндүрүп айтып берди. 

“Китеп окуу сүйүүнү баалоого, жашоонун маңызын түшүнүүгө жардам берет. Китеп- адамдын жашоосун жеңилдетип, жазууга шыктандырат. Билимдин чогулган бир жыйындысы болуп эсептелет.”-дейт, агай.

Даярдаган: Асел Шамилова