Кыргыз поэзиясынын жылдызы Алыкул Осмонов эскерилди


22-декабрь күнү университетибиздин Гуманитардык факультети жана Эл аралык студенттер координаторлугу тарабынан “Түрк дүйнөсүнүн жылдыздары” долбоорунун алкагында Алыкул Осмоновдун поэзия кечеси өткөрүлдү.  

Иш-чарада Алыкул Осмоновдун өмүрү-чыгармачылыгын чагылдырган  видео тасма көрсөтүлүп, ырлары көркөм окулду. Поэзия кечеде ачылыш сөзүн сүйлөгөн университетибиздин ректору, проф.. док Себахаттин Балжы: “Кыргыз поэзиясына кайрылган ар бир адам Алыкулдун чыгармачылыгынан жол алып, башка акындардын ырларына кайрылат. Кыргыз поэзиясынын башталышы да, туу чокусу да Алыкул Осмонов”,- деп баса белгиледи.  

Эскерүү кечеде акындын өмүр баянын чагылдырган  сахналаштырылган оюн көрсөтүлүп, акындын чет тилдерге которулган түрк, англис, орус, өзбек жана казак тилиндеги ырлары көркөм айтылды. Ошондой эле анын ырларына обон жазылган  “Сулууга”, “Жеңеке” аталышындагы чыгармалары аткарылды. 

Мындан тышкары коммуникация факультетинин кино залында “Мезгил жана Алыкул” кино тасмасы көрсөтүлүп, атайын Алыкул Осмоновго арналган көргөзмө уюштурулду.

Даярдаган: Адинай Курманова