КТМУ Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынан куттуктоо программасы


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүлөрү Жаңы жыл майрамынын себеби менен кайрадан чогулушту

2016-жылдын 28-декабрь күнү Ч. Айтматов кампусундагы Социалдык Курулуштардын чоң залында КТМУ Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы тарабынан Жаңы жылдык куттуктоо программасы уюштурулду.

Университетибиздин ректору жана жардамчылыры да катышкан бул программага 70ке жакын ар кайсы тармактарда иштеген бүтүрүүчүлөр келишти. Ректор проф., докт. Себахаттин Балжы өз сөзүндө  университетибиз бүтүрүүчүлөрдүн салымы менен мындай деңгээлге чыга алганын жана 2002-жылда биринчи студенттерин уядан учурганына карабастан кыска убакыттын ичинде алар 5 континент жана 32 өлкөдө эмгектенип жатканын баса белгиледи. Ошондой эле окуу жайыбыздын эшиктери алар үчүн дайым ачык экендигин жана жетекчилик тарабынан дайыма колдоо көрсөтүлөөрүн белгиледи.

Ассоциациянын төрагасы Серхат Атмажа жана орун басары Кыял Турдакуновалардын айтымында алар тарабынан 5 жылдын ичинде 12 иш-чара уюштурулган. Жетекчилер активдүү катышкан бүтүрүүчүлөргө терең ыраазычылыгын билдирип, аларды майрамы менен куттуктады.

Иш-чара кечки тамак жана оюн-зоок программалары менен коштолду.

Даярдаган: Айдана Топчубаева