Студенттерибизге ыраазычылык!


22-январда "Ак ниет" кайрымдуулук клубу авиакырсыктан жабыркаган жарандарыбызды зыярат кылуу максатында "Дача-СУ" айылына барып келишти.

Азыркы убакытта айылда учактын урандылары чогултуу иштери жүрүп жаткандыктан,  жабыркагандар Бишкек шаарындагы "Семетей" мейманканасына жайгаштырылган.

Окуя болгон жерди көргөн соң клубдун мүчөлөрү мейманканага барып, туугандарыбызды зыярат кылышты.Ал жерден учурда  кийим-кечектер жетиштүү болгондугун  жана бир гана акчалай жардам керектигин билдиришти. Бул себептен атайын топтолгон акчалай каражат эртеси күнү, 23-январда жабыркагандардын банктагы эсебине которулуп берилди. Айта кетсек чогултулган акча каражат  жалпысынан 44 350 сомду түздү.  

Ал эми "Күч бирдикте" акциясынан топтолгон кийим-кечектер "Үмүт" мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө жеткирилип берилди.

Ушундай оор учурда кайдыгер карабастан жардам берген бардык мугалим жана студенттерибизге "Ак ниет" клубу терең  ыраазычылык билдирет.

Даярдаган: Сагипа Сүйүмбева