Студенттик Кеңеш клуб жетекчилери менен жыйын өткөрдү


1-февралда университетибиздин Студенттик Кеңеши клубдардын жетекчилери  менен чогулуш өткөрдү. Ага “Ойлон шоу”, “Enactus”, “Ак ниет”, “Инсандык өнүгүү”, “Тамашака” жана башка клубдар катышты.

Жолугушууда ар бир клуб өзүнүн аткарган жумуштары тууралуу Студенттик Кеңешке айтып берип,  жыл жыйынтыгын чыгарышты. Ошондой эле Студенттик Кеңеш тарабынан  “Ак ниет” клубунун ишмердиги өзгөчө бааланды. Өткөн жылы “Ак ниет” клубу башка клубдарга караганда дагы да активдүү иш көрсөткөндүгүн төрага Залкар Аманов баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Студенттик Кеңеш ушул сымал жолугушууларды ар бир айда эки жолу өткөрүп турмакчы.

Мындан тышкары чогулушта февраль айында кылына турчу иш-чаралар талкуулананып, жолугушуу жыйынтыкталды.

Эске сала кетсек университетибизде жалпысынан 22 клуб бар. 

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева