“Пенсия” кимдерге берилет?


2-февралда К. Тыныстанов жыйындар залында университетибиздин бардык профессордук-окутуучулук курамы, административдик кызматкерлери жана 4-курстун студенттери үчүн “Пенсиялык сабаттуулук” аттуу семинар болду. 

Семинарды Кыргыз Республикасынын социалдык фондуна караштуу Окутуу борборунун мүдүрүнүн орун басары Якубов Акматали Якубович өттү. Ал “Пенсия” деген эмне, канча жаштан өйдө алыш керек, кандай учурларда жана кимдер ала тургандыгы тууралуу кенен айтып берди.

“Ак эмгек менен табылган тамак таттуу болот. Эгер ар бир пенсионер өз укугун так билсе мындай проблемалар чыкпайт. Биз болушунча ар бир жаранга жеткиликтүү маалымат берүүгө аракет кылып жатабыз”-деди А. Якубов.  

 

                                                                                                            Даярдаган: Асел Шамилова