Тажикстандын элчиси студенттер менен жолугушту


Тажикстандын Кыргыз Республикасындагы  толук ыйгарымдуу элчиси Сухроп Хожа Олимзода окуу жайыбызда билим алып жаткан тажик студенттери менен жолугушту.

  

Жолугушууда  элчи студенттердин окуу жайдагы жетишкендиктери  менен таанышып, алардын окууларына ийгилик каалады. Ошондой эле “Татыктуу билим алып, мыкты адис болушуңарга тилектешмин. Силерге болгон ишеничибиз чоң, үмүтүбүз акталат деген ойдомун”,- деп билдирди. Жолугушуунун соңунда элчи студенттердин суроолоруна жооп берип, ар кандай жагдайда жардам көрсөтө турганын баса белгиледи. 

Ар улуттун элчилиги менен жолугушуу иш-чараларынын максаты студенттер менен жакындан  таанышуу, мотивация берүү, көйгөйлөрү болсо чечүү жана инициативаларына колдоо көрсөтүү 

Университетибизде жалпы 14 улуттун студенттери билим алышууда. Ал эми тажик студенттеринин саны 121 ди түзөт. 

Эскерте кетсек, кийинки жумада  Афганистан жана Монголия мамлекеттеринин  элчилиги менен жолугушуу өткөрүлөт.  

Даярдаган: Адинай Курманова