“Театр” клубу алгачкы театр оюндарын көрсөтүштү


Студенттик Кеңештин “Театр” клубу театр оюндарын көрсөтүштү. “Театр” оюндары Актёрдук өнөр бөлүмүнүн окутуучусу Тонгут Гөкчен жана аталган клубдун башчысы Эржан Өзкая тарабынан даярдалды. 

“Театр” клубу “Эркек, аялдын мээси”, “Мени үйлөндүр”, “Кайда баратабыз?”, “Органдарыбыз менен сүйлөшөбүз” аттуу комедиялык жанрдагы театр оюндарын коюшту.

Оюндар күнүбүздө болуп жаткан адепсиздик, уурулук, кайдыгерлик сыяктуу терс көрүнүштөрдү комедия аркылуу көрсөтүп, адамдарды жаман иштерден алыс болууга чакырууга багытталган. Ал эми оюндарга 50 гө жакын студент катышып, үч айдан ашык даярдык көрүшкөн. 

 Театр оюндары “Музыка” клубунун аспаптардын коштоосунда ырдалган мыкты чыгармалар менен коштолду. Учурда “Театр” клубу Эржан Өзкаянын жетекчилиги менен иш алып барууда. 

Даярдаган: Адинай Курманова