“Ректордун кубогун” кыздар курама командасы жеңип алды


21-февраль күнү “Тамашака”  Лигасынын  “Ректордун кубогу” өткөрүлдү. Оюнда жалпы төрт университеттин сегиз командасы күч сынашты.  

Оюнга  университетибиздин ректору проф., док Себахаттин Балжы өзү күбө болуп кайтты. Мындан тышкары “Тамашоу” лигасынын администратору Таттыбүбү Садырбекова, “National”командасы, “Ассорти” командасынан болсо, Айгерим Хамзаева конок катары катышып, калыстык милдетти аткарышты.   

Оюн университеттер арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө жана жаштардын талантын ачуу менен элге күлкү тартуулоо максатында уюштурулган.

“Тамашака” лигасына  КТМУ, КГТУ, КУУ, БМК окуу жайларынан  “Ой кокуй”,  “Сенсация”, “Tota-tota”, “Фаворит”, “Natsvegas”, “Туңгуч”, “Ацтек”  жана “MК show” курама командалары катышып, “Саламдашуу”, “Ким тапан?” конкурстары боюнча жарышты. 

Күлкү тартуулаган кызуу таймашта  КТМУнун  “Сенсация” командасы  1-орунга ээ болсо, аз гана упай менен артта калган  КУУнун “Ацтек” командасы 2-орунга татыды. Ал эми  3-орунду  КГТУнун “Tota-tota”  командасы ээледи. Мындан тышкары “Мыкты тамаша” наамына “Сенсация” командасы, “Мыкты оюнчу” наамына “Туңгуч” командасынын оюнчусу Серик Абдуласов  ээ болду. Ал эми ректордун кубогун кыздардан түзүлгөн “MК show”  курама командасы жеңип алды. Жеңүүчүлөр окуу жайдын белектери жана ардак грамоталар менен сыйланды. Ошондой эле “Авемлис” ишке орноштуруучу жеке компаниясы менен “Купи слона” соода түйүнүнүн белектерине ээ болушту. 

“Тамашака” клубу окуу жайыбызда  үч жыл мурун  көркөм өнөр факультетинин студенти Нурсейит Насиров  тарабынан негизделген. Учурда клуб Эржан Акыналиевдин жетектөөсүндө беш студент иш алып барууда. 

 

Даярдаган: Адинай Курманова