“Ыйман жарчысы” аттуу китеп жарык көрдү


“Ыйман” фондунунун  “Калем жана ыйман” аталышындагы  долбоорунун негизигизинде жарык көргөн  “Ыйман жарчысы” аттуу  китептин  ачылыш аземи 20-февралда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде болуп өттү. Ага “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, эмгек сиңирген ишмер, тарыхчы, журналист Кыяз Молдокасымов, акын Надырбек Алымбеков жана студенттер катышты.

Алгач Нуржигит Кадырбеков аты аталган китепте камтылган маалыматтар, анын коомго бере турган таасири тууралуу кенен айтып берип, китепти чыгарууга салым кошкон инсандарга терең ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Кыяз Молдокасымов “Ыйман” фондунун буга чейинки чыгарган китептери мактоого ылайык экендигин баса белгилеп, бул китептин да ичине камтылган маалыматтар коомго таасидүү жана пайдалуу экендигигине ишенерин билдирип, аты аталган фонддун жамаатына ийгилик каалады.

Ачылыш аземинин жыйынтыгында  Нуржигит Кадырбеков тарабынан, китептин ачылышына зор салым кошкон инсандар  Улукбек Токтоболот уулу, Улукман Атабеков,Асель Курбанбаева, Нургазы Кыргызбаев, Гульсара Мадаминова, Нурайым Усманова, Назгүл Абдыллаева жана Аязбек Атамкулов ыраазычылык каттар менен сыйланды. 

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева