Жарым жылдык отчёт тапшырылды


17-февралда Cтуденттик иштер башкармачылыгынын Студенттерди жана бүтүрүүчүлөрдү координациалоо боюнча бөлүмүнүн күзгү семестринин отчёту тапшырылды.

Чогулушта Студенттик кеңеш, Эл аралык студенттер координаторлугу, “Manas Life” студенттик порталы, “Манастын сыймыктары” проекти жана “Manas People”  порталы алып барып жаткан жана жасалган иштери боюнча маалымат берип, алдыда пландалынып жаткан  иш-чаралар тууралуу айтып беришти.

Мындан сырткары бөлүм тарабынан бүтүрүүчүлөрүбүз боюнча да статистикалык маалымат берилди.

Чогулушка университетибиздин ректору проф., др. Себахаттин Балжы, проректору проф., др. Хүсейин Өгүт факультет/жогорку мектептердин декандары/мүдүрлөрү, Студенттик иштер башкармачылыгы, Студенттик кеңеш, Эл аралык студенттер координаторлугу, проекттерде жана порталдарды иштеген студенттер, клубдардын жана факультеттердин өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында ректор проф., др. Себахаттин Балжы Студенттик иштер башкармачылыгына жана алардын координациясында иш алып барып жаткан ар бир командага өз ишин мыкты деңгээлде аткарып жаткандыгын белгилеп, жасалган иштери үчүн ыраазычылыгын билдирип,  мындан кийинки иштерине ийгилик каалоо менен бирге дайыма колдоорун айтты.

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева