“Эл аралык айымдар күнү” белгиленди


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Студенттик Кеңеш Башкармалыгы жана көркөм өнөр факультети тарабынан 8-март “Эл аралык айымдар күнүнө” карата акысыз  мехенди тартуу акциясы белек катары сунушталды. Акция 7-март күнү саат 11:00-16:00го чейин уланды. 

Кыздар өздөрү жактырган сүрөттөрүн тандады, ал эми Көркөм өнөр факультетинин студенттери аны алардын колуна тартты. Ошондой эле иш-чара оюн-зооктор  менен коштолду.

Эскерте кетсек өткөн жылы да, дал ушул иш-чара айымдар күнүнө карата уюштурулган.

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева.