Кыргызстандын жаш ишкерлери семинар өттү


28-февралда университетибизге Кыргызстандагы жаш ишкерлер, “Dodo Pizza Kyrgyzstan” пиццериясынын Кыргызстандагы башчысы Эсен Жуманов, “ArtAsion”дүкөнүнүн башчысы, негиздөөчүсү Нурсултан Сулайманов, “Enesay” маркасынын жаратуучусу Зафарбек Сулайманов жана “English Zone” мектебинин башчысы, негиздөөчүсү Эрнис Адылбеков “Менин биринчи миллионум” аталышындагы семинарга конок катары чакырылып, ийгилик сырлары менен бөлүштү.

Иш-чара Студенттик Кеңеш тарабынан уюштурулуп, ага төрага Залкар Аманов, анын орун басары Атилла Гүвен  жана студенттер катышты.

Семинардын жүрүшүндө коноктор өз ишканаларынын ачылыш тарыхы, бизнес баштоонун жолдору, ачуудагы кыйынчылыктары  жана жетишгкендиктери тууралуу кенен айтып, студенттердин суроолоруна жооп беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында ишкерлерге  Студенттик Кеңеш тарабынан ыраазычылык баракчалар ыйгарылды.

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева