“Аял заты-аруу зат” аталышындагы оюн өткөрүлдү


10-мартта Гуманитардык факультеттин Синхрондук котормо бөлүмүнүн студенттери  үчүн “Тилмечтер таймашы” клубу тарабынан “Аял заты-аруу зат” аталышындагы интеллектуалдык  оюн өткөрүлдү. Оюнда жалпы 8 команда күч сынашып, катышуучулар дүйнөдөгү белгилүү аялдар жөнүндөгү суроолорго жооп беришти.

 

Жыйынтыгында командалардын ичинен алдыга озуп чыгып, 1-орунду “Нур” командасы ээлесе, аз гана упай менен артта калган “Авангард” командасы 2-орунду алды. Ал эми 3-орунга “Легион” командасы татыктуу болуп, ардак грамота менен сыйланышты.

 

Андан соң  аты аталган бөлүмдүн 3-курсунун студенти Нуржан Сагынбекова тарабынан Түркчөгө которулган “Рахмат апа” аталышындагы видео тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле 8-март “Эл аралык айымдар күнүнө” карата чакан концерттик программа көрсөтүлүп, оюн жыйынтыкталды.

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева