Кезектеги семинардын коногу ырчы Омар болду


16-мартта Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Инсандык өнүгүү” клубу тарабынан “Маданият” темасындагы семинар өткөрүлдү. Семинардын коногу Омар болуп, ал  Кыргызстандагы маданият менен бирге дүйнө маданиятына токтолуп, аларды бири-бирине салыштырып, кенен айтып берди.

Мындан тышкары ал дин тууралуу сөз кылып, “Динди окуп, үйрөнүү менен чектелбестен, светтик билимди да алып, экөөнү тең алып кетүү керек” деп өз оюн билдирди. 

Семинардын соңунда Омар студенттердин суроолоруна жооп берип,  “Сары ой” аттуу элдик ырды жандуу үн менен ырдап берди.

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева