Чанаккале жеңишинин эскерүү кечеси уюштурулду


17-мартта университетибизде Студенттик кеңешинин Театр клубу тарабынан Чанаккале согушунун102 жылдыгына карата  эскерүү кечеси өткөрүлдү.  Эскерүү кечесинде Театр  клубу тарабынан даярдалган согуш тууралуу театр оюндары аткарылды, ошондой эле Музыка клубунун мүчөлөрү согуш тууралуу ырларын ырдашты. 

Аткарылган оюндар  Чанаккале согушу учурундагы жашоону чагылдырып, көрүүчүлөргө чоң таасир тийгизгендиги алардын көз жаштарынан билинип турду.

Кеченин соңунда  проф., докт. Себахаттин Балжы,  театр клубунун башчысы Эржан  Өзкаянын жана Көркөм өнөр факультетинин окутуучусу Гөкчен Тонгуттун бул иш-чарада салымы чоң экендигин баса белгилеп, актёрлордун баарына терең ыраазычылыгын билдирди.

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева.