Инсандык өнүгүү клубу семинар уюштурду


24-мартта “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата  Студенттик кеңештин Инсандык өнүгүү клубу тарабынан “Илим алыш үчүн оор жүктү көтөрө билиш керек” аттуу семинар уюштурулду.

Семинардын коногу Ош областынан атайын келген айтылуу акын, алты тилде сөз баккан, куюлуштуруп кеп айткан Идрис Айитбаев болду.

Эки саатка созулган семинарда акын өз турмушун, башынан өткөн окуяларын сабак катары айтып берди. Комуз менен алты тилде ыр төгүп, студенттерди ата-энени сыйлоого, талыкпай  билим алууга чакырды. Жашоодо жаңылбоого, тагдырдын сыноолоруна сынбоого, ар дайым күчтүү болууга үндөдү.   

Айта кетсек, мындай семинарлар аптанын ар жума күндөрүндө уюштурулуп келет.

                                                                             Даярдаган: Асел Шамилова