“Манаста” республикалык олимпиада өткөрүлдү


Университетибизде  мектеп окуучулары арасында республикалык олимпиада болуп өттү. Республикалык олимпиадага аймактык, Бишкек жана Ош шаардык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болгон 316 окуучу катышты.

Мектеп окуучулары 25-26 март күндөрү  10 предмет, математика, информатика, физика, биология, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, география жана химия боюнча сынак тапшырды. Олимпиаданын I туру теориялык-жазуу, ал эми II туру болсо, практикалык-оозеки түрдө өттү. 

Олимпиададан соң абитуриенттер университетибиз тарабынан түшкү тамак берилди. Мындан тышкары аларга университетибизди тааныткан видео тасма көрсөтүлүп, университетибиз тууралуу толук маалымат алышты. Андан соң алар жатакана, китепкана,  спорт аянтчасына  жана факультеттердин имараттарына жол алып, жакындан таанышышты.

Белгилей кетсек, бул сынактын жыйынтыгы менен эл аралык олимпиадага катышчу окуучулар да аныкталат. Ал эми олимпиаданын жыйынтыктоо аземи 28-март күнү Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Жеңүүчүлөргө министрликтин дипломдору жана баалуу белектер ыйгарылат. 

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева