“Намыс” стипендиясынын жеңүүчүлөрү кимдер?


Университетибиздин Cтуденттик Кеңешинин төрагасы, Туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин 3-курсунун студенти Залкар Аманов жана Коммуникация факультетинин 2-курсунун студенти “Manas LIFE” порталынын кабарчысы Адинай Курманова Прогрессивдүү демилгелер коомдук фондунун “Намыс” стипендиясына татыктуу деп табылып, өткөн жумада Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Драма Театрында сыйлыктарын алды.

Сыйлоо аземинде фонддун негиздөөчүсү, коомдук ишмер жана меценат Аскар Салымбеков “Акыл Тирек,” “Намыс Улуттук наамы”,“Ак Дил” наамдарынын жана “Намыс” стипендиясынын жеңүүчүлөрүнө диплом жана акчалай сыйлыктарын тапшырды. “Намыс” стипендиясына жалпы 180 студент талапкер болуп, анын ичинен 35 мыкты студент тандалып алынган.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен аты аталган студенттер тандоо критерийлерине төп келген. Алар 9 ай бою 2000 сомдон стипендия алат. Мындан тышкары студенттерибиз тууралуу маалымат жана алардын сүрөтү “Акыл тирек” аттуу фонддун китебине түшүрүлдү. Ошондой эле Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Айыл-чарба факультетинин Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн кенже илимий кызматкери Карабаев Айбек илимге кошкон салымы үчүн “Акыл Тирек” сыйлыгы менен сыйланды. Кошумчалай кетсек, “Прогрессивдүү демилгелер фонду” коомдук фонду 2012-жылы 19 декабрда негизделген.

Фонд «Кыргызстандын Жаш лидерлери» аттуу коомдук мектебин ачып, өлкөбүздүн бардык жогорку окуу жайларынан алдыңкы делген 200дөй жаш улан кызга ишкерчилик, финансылык сабаттуулук, лидердик сапат сыяктуу багыттарда 3,5 айлык акысыз билим берет. Мындан тышкары, фонддун жаштарды колдоону жана билим деңгээлин арттырууну максаттаган бир катар долбоорлору бар.

Кабарчы: Нурзида Тойгомбаева.