Нарындык окуучулар окуу жай менен таанышып кайтты


28-март күнү Нарын Мамлекеттик университетинин түрк тили жана маданияты борборунун окуучулары “Манас” университетине саякат жасап, таанышып кайтышты. Таанытуу иш-чарасына жалпы 70 ге жакын окуучу катышты.

Алар алгач конференция залда окуу жайдын таанытым фильмине, “Manas Life” жана “Manas People” студенттик медиа порталдарынын видео тасмаларына күбө болушту. Таанытым фильмдеринен кийин окуу жай тууралуу ой-пикирлерин билдиришип, кызыккан суроолоруна жооп алышты. Окуучулардын көпчүлүгү университетке сынак тапшыруу, жатаканадагы шарттар, тил үйрөнүү жаатындагы суроолорго кызыгышты.

Экскурсиянын соңу кампус тур менен уланып, коммуникация, инжинерия факультеттерине жана жатаканага саякат жасалды. Окуучулар телестудия, “Манас” радиосу, “Манас” гезити жана инженерия факультетинин лабораториялары менен таанышып кайтышты. Белгилей кетсек, буга чейин 9-11-класстар арасында предметтик сабактар боюнча Республикалык олимпиаданын катышуучуларына таанытуу иш-чарасы өткөрүлгөн.

Таанытым иш-чаралары университетибиздин Студенттик иштер башкармачылыгы Студенттерди жана Бүтүрүүчүлөрдү Координациялоо филиалынын жетекчилигинде студенттерибизден түзүлгөн Таанытуу Командасы тарабынан өткөрүлүп келет.

Даярдаган: Адинай Курманова