Жакшы ойлор жалаң гана жакшылыктарды алып келет


31-март күнү Студенттик Кеңештин “Инсандык өнүгүү” клубунун кезектеги семинары өткөрүлдү. Иш-чаранын коногу Кыргызстандын белгилүү телерадио алып баруучусу Салтанат Саматова болуп, “Ийгилик сырлары” темасында семинар өттү.

Семинарда өзүнүн аракетчилдиги жана талыкпаган эмгектенүүсүнүн аркасында жеткен ийгиликтери менен бөлүшүп, эмгек жана чыдамкайлык менен көздөгөн максатка жетүүгө мүмкүн экенин баса белгиледи.Мындан тышкары “Атымды Салтанат койгондо эле ушундай той-топурларга, салтанаттарга аралаша турган адам деп маңдайыма жазып койсо керек. Адамга ысым коюу чоң мааниге ээ. Кийин балдарыңарга ысым берүүдө бул нерсени эсиңерден чыгарбагыла, анткени адамдын аты анын ийгиликтерди жаратуусуна кайсы бир деңгээлде чоң таасирин тийгизет”,- деп билдирди.

Аны менен катар семинардын жүрүшүндө турмуштук тажрыйбаларынан да кеп салып, жаштык куракты билим алуу менен, пайдалуу өткөрүүгө чакырды. Ошондой эле “Жаман ойлордон алыс болуп, ар дайым күлүп жүргүлө. Жакшы каалоо-тилек, жакшы ойлор жалаң гана жакшылыктарды алып келет. Жашооңорду жакшыртуу, силердин колуңарда”,-деп студенттерди шыктандырган сөзү менен семинарды жыйынтыктады. Семинардын соңунда студенттердин суроолоруна жооп берип, көпчүлүктүн суранычы боюнча “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” ырынан обон созуп берди.

Эске сала кетсек, өткөн жумада айтылуу акын Идрис Айитбаевдин семинары өткөрүлгөн.

Даярдаган: Адинай Курманова