“Био-лайф” клубу алгачкы семинарын өткөрдү


30-мартта “Био лайф” клубунун “Эң алгачкы тез жардам көрсөтүү” темасындагы алгачкы семинары болуп өттү.

Ага 20дан ашуун студент катышты. Семинардын коногу И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 4-курсунун студенти Алмаз Байзаков болду. Алмаз, жабыркаган кишини дарылоо мекемесине жеткиргенче өмүрүн сактоо максатында көрүлүүчү чаралар туралуу кенен айтып берди.

Андан соң коноктор суроолорун берип, биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын практикада сынап көрүштү. Белгилей кетсек, “Био лайф” клубу Табигый-так илимдер факультетинин Биология бөлүмүнүн студенттери Санжар Шаршенбеков жана Акылбек Мирбек уулу тарабынан негизделген. Алардын айтымына караганда “Био лайф” клубунун семинарлары илимий-практикалык багытта өткөрүлүшү менен өзгөчөлөнөт.

Алар семинарларында лаборатория жана күнөсканаларга экскурсияга чыгууну пландап жатышат.

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева