“Тамашака” финалдык оюнун өткөрдү


“Тамашака” лигасынын 3-сезонунун финалдык оюну өткөрүлдү. Оюнга “National” командасынын оюнчулары, “Ак Кеме” командасынын капитаны, белгилүү актёр Жаныш Майр жана Студенттик Кеңештин мүчөлөрү калыстык кылып, жеңүүчүлөрдү аныктады.


    Оюн университеттер арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө жана жаштардын талантын ачуу менен элге күлкү тартуулоо максатында уюштурулуп келе жатат.
    “Тамашака” лигасынын  финалдык турунда КТМУ, КГТУ, КУУ, БМК окуу жайларынан “Сенсация”, “Tota tota”, “NATS VEGAS”,  “Туңгуч”, “Ацтек” жана “MK SHOW”  курама командалары  болуп  жалпы 6 команда күч сынашты. Катышуучулар  саламдашуу, видео сынак, алфавит, үй тапшырма конкурстары боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү. 

Күлкү  тартуулаган кызуу таймашта КУУнун  “NATS VEGAS” командасы  1-орунга ээ болуп, чемпион аталды. Ал эми аз гана упай менен артта калган  КТМУнун  “Сенсация” командасы 2-орунга татыса, 3-орунду  “MK SHOW”  курама командасы ээледи. Мындан  тышкары “Ацтек” командасынын тамашасы “Эң мыкты тамаша” наамына ээ болсо, “MK SHOW” командасынын оюнчусу Нуркыз Жээнтаева  “Эң мыкты оюнчу” наамын жеңип алды.


    Белгилей кетсек, буга чейин “Ректордун кубогу” өткөрүлүп, анда  “MK SHOW”  кыздар курама  командасы жеңүүчү аталган.
                                

Даярдаган: Адинай Курманова