Ачык эшик күнү


Бишкек шаарынын мектеп окуучулары жана республикалык олимпиаданын катышуучулары бизде конокто. 2016-жылдын 27-мартында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) Ч.Айтматов атындагы кампусунда “Ачык эшик күнү” болуп өттү. Ага Бишкек шаарынын мектеп окуучулары жана 7 облустан келген республикалык олимпиаданын катышуучулары болуп жалпы 450гө жакын абитуриент катышты. Келген абитуриенттер алгач чогуу түшкү тамакка киришип, андан соң университетибиздин кампусуна саякат жасашты. Иш-чаранын соңунда окуу жайыбыздын таанытуу видеосу көрсөтүлүп, кызыккан суроолоруна жооп алып кайтышты.