Биричи проректор Проф., док. Асылбек Кулмырзаев семинар өттү


14-апрелде Студенттик Кеңештин “Инсандык өнүгүү” клубу “Ийгиликке карай жол” темасындагы семинарын өткөрдү.


Семинардын коногу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору проф., док. Асылбек Кулмырзаев болуп, ал “Эң биринчи туура максат коюу керек. Андан соң максатка жетүүнун жолдорун издеп, талыкпай эмгек кылуу керек. Жалкоолук эң жаман сапат, жалкоолонбой жакшы окуп, чет тилдерди үйрөнүп, чет өлкөлөрдү көргүлө.”-деп ийгиликтин сырлары тууралуу сөз кылып, тажрыйбасы менен бөлүшүп кеп-кеңештерин берди.


Семинардын жыйынтыгында биринчи проректор “Ийгиликке карай жолдо көздөн от чыккандай кыйынчылыктар болот, аны жеңип өтүү керек. Артында сөзсүз жакшылык бар” деп семинарды жыйынтыктады.

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева.