Университеттердин 3- жарманкеси уюштурулду


8-апрелде Кыргыз Улуттук университетинде Global Shapers Bishkek Hub бирикмесинин демилгеси жана билим берүү жана илим министрлигинин коолдоосу менен университеттердин 3- жарманкеси уюштурулду.


Жыл сайын өткөрүлчү бул иш-чарага 26 окуу жай катышып, бүтүрүүчүлөргө билим берүү жайлары тууралуу маалымат беришти. Мындан тышкары, өз кесибинин мыкты 30 адиси тарабынан абитуриенттерге кесиптик багыт тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле, иш-чара концерттик программа менен коштолду.


Белгилей кетсек университеттердин кезектеги жарманкеси Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде кийинки жылы уюштурулмакчы.

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева