Азат Садыков тушоо кесүү концертин өткөрдү


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн 4-курсунун студенти, “Асман” тобунун солисти, “От ыры” эл аралык сынагынын жеңүүчүсү Азат Садыковдун “Унутулгус элестер” аттуу чыгармачылык кечеси уюштурулду.

Азаттын алгачкы чыгармачылык концерти ректор, проф., док. Себахаттин Балжы, мугалимдер жамааты, белгилүү эстрада ырчылары жана студенттердин катышуусу менен өткөрүлдү.
Азат Садыковдун алгачкы тушоо кесүү концертин ректор, проф., док. Себахаттин Балжы ачып берди. Ал өз сөзүндө Азаттын чыгармачылыгына албан-албан ийгиликтерди каалап, “Манаста” эле эмес, бүткүл дүйнөгө таанымал ырчы болушуна ишенээрин билдирди.


Кеченин биринчи бөлүгүндө оркестрдин коштоосунда кыргызча, түркчө элдик чыгармалар ырдалды. Ал эми экинчи бөлүгүндө эстрада жанрындагы ырлар аткарылып, музыкалык аспаптар менен коштолду.

Ошондой эле концерт Азат Садыковдун чыгармачылыгын колдоп келген “Манастын” бүтүрүүчүлөрү, белгилүү эстрада ырчылары Тима Мукашев, Мирбек Масалиев, Жанар Туратова, Куба Айтбосунов, Эльмира Таджиева, Курал Чокоев менен “Музаман” тобунун ырлары менен уланды. Концертте жалаң гана жандуу музыкалар аткарылып, көпчүлүккө жагымдуу маанай тартуулады.

Даярдаган: Адинай Курманова