“Ойлон шоу” клубунун оюну болуп өттү


“20-апрелде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Ойлон шоу” интеллектуалдык клубунун 7-сезонунун 3-оюну болуп өттү. “Сүйүктүү пайгамбарым Мухаммед (С.А.В)” аталышындагы оюн “Ыйман” фондунун демөөрчүлүгү жана Студенттик кеңештин колдоосу менен өткөрүлдү.

Ага аты аталган фонддун өкүлү, университетибиздин бүтүрүүчүсү Аязбек Атамкулов, Теология факультетинин 4-курсунун студенти Улан Мырза уулу, университетибиздин Социология бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Нурсултан Акылбек уулу, “Ойлон шоу” клубунун түптөлүшүнө салым кошкон Доулат Канат уулу жана Студенттик кеңештин төрагасы Залкар Акылбек уулу катышып, калыстык милдетин аткарды.


Аязбек Атамкулов: “Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн өзүбүздү интеллектуалдык жактан өнүктүрүшүбүз керек. Биз билимибизди өркүндөтүп жатабыз, буга бүгүнкү оюн далил болууда”-деп, акын Алтынбек Иманкуловдун өлкөбүз тууралуу жазган ыры менен иш-чараны ачып берди. Андан соң пайгамбарыбызга арналып жазылган ырлар көркөм окулуп, кезек оюнга берилди.
Оюн 3 турдан туруп, анда 16 команда ат салышты. Жыйынтыгында 1-орунга “А4”, “Райан” командалары, 2-орунга “Кенч” командасы, ал эми 3-орунга “Нур” командасы татыктуу болду. Жеңүүчүлөргө “Ыйман” фондунун китептери жана футболкалары белекке берилди.


Мындан тышкары, көрүүчүлөргө да суроолор берилип, белектер ыйгарылды.

Даярдаган: Нурзида Тойгомбаева.