Абитуриент 2017


Студент кабыл алуу сынагы
2017-2018-окуу жылы үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетине кабыл алына турган Кыргызстандын жарандарын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан статусу таанылган окуу жайларын бүтүргөн чет элдик жарандарды студенттикке тандоо жана тийиштүү бөлүмдөргө жайгаштыруу төмөнкү эрежелерди камтыйт:

Жадыбал
Сынакка каттоо
Дуйшѳмбү, 12 Июнь 2017, 08:00-17:00
Жалпы сынак
Жекшемби, 2 Июль 2017, 10:00-13:00
Чет тил сынагы
Жекшемби, 2 Июль 2017, 14:30-15:30


Сынакка катталуу үчүн керектүү документтер


Катталуу үчүн төмөнкү документтер каттоо комиссиясына тапшырылышы керек:


• Орто мектепти же атайын кесиптик орто окуу жайын бүтүргөндүгү жөнүндө документтин көчүрмөсү;

• Аттестатын ала электер үчүн бүтүрүүчү класста (11-класста) окугандыгы тууралуу маалымдама;

• Паспорт жана паспорттун көчүрмөсү;

• Акыркы үч ай ичинде түшкөн 2 даана фотосүрөт (3х4 өлчөмүндө);

• Каттоо акысы катары жалпы сынакка кирүүчү абитуриенттерден 300 сом, чет тил сынагына кире турган абитуриенттерден кошумча 300 сом алынат.

 

Эмне үчүн МАНАС?

  • Бүтүрүүчүлөр Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик дипломдордуна ээ болгондуктан;
  • Акысыз билим алуу алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүктөн;
  • Бакалаврдан кийин магистратура жана докторантура программалары болгондуктан;
  • Бүтүрүүчү үчүн негизги адистиктен тышкары кошумча экинчи адистиктин дипломуна ээ болуу мүмкүнчүлүгү берилгендиктен;
  • Эл аралык студент алмашуу программалары, чет өлкөлөрдө практикадан өтүү жана эл аралык конкурстарга катышуу мүмкүнчүлүктөрү ыйгарылгандыктан;
  • Билим берүү кыргыз, түрк тилдеринде жүргүзүлгөндүктөн.
  • Билим берүү тилдеринен тышкары башка чет тилдерин: орус, англис, кытай, немец тилдерин үйрөнүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөндүктөн;
  • Окууда ийгиликке жетишкен студенттер стипендия менен камсыз болгондуктан; - акысыз медициналык кызмат;
  • Заманбап имарат жана акыркы технологиядагы жабдыктар менен камсыздалган лабораториялар;
  • Жеңилдетилген төлөмдөгү тамак-аш жана жатакана;
  • Көп улуттуу билим алуу чөйрөсү (университетте 18 өлкө жана ар түрдүү аймактан келген студенттер окушат).

1) Тестти тапшыргандан кийин эмне кылам?

2) 1-тур, 2-тур же кошумча бөлүм тандоо тууралуу...

3)  4 туура эмес жооп 1 туура жоопту кемитеби?

4) Каттоо учурунда аты-жөнүм туура эмес жазылып калса...

5) ЖРТ (ОРТ) боюнча кабыл алуу жөнүндө...

6) Чет тил сынагына кирбей койсом болобу?

7) Тест тууралуу кененирээк...

8) Дем алыш күндөрү сынакка каттоо жүргүзүлөбү?

9) Даярдоо курсун окубай эле, дароо 1-курска отурсам болобу?

10)  "Манастын" пробный тести. Мындай нерсе барбы?

11) Мен паспорт ала элекмин. Эмне кылам?


Абитуриент 2017: Сынакка каттоо

 

Кененирээк маалымат үчүн