Жашоону чагылдырган “Жашоо сүртүмдөрү”


Университетибизде 20-июнда Коммуникация факультетинин Журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Саламат Имановдун “Жашоо сүртүмдөрү” аттуу жеке сүрөт көргөзмөсү болуп өттү.

Көргөзмөгө ректор, проф., док. Себахаттин Балжы, Коммуникация факультетинин деканы проф., док. Хамза Чакыр, аталган факультетинин мугалимдери жана Саламаттын жакындары, достору келишип, көргөзмөнү көрккө чыгарышты. Коюлган сүрөттөр коноктордун көңүлдөрүн көкөлөтүп, жагымдуу атмосфера тартуулады.

Айта кетсек, Саламат Иманов Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 1995-жылы жарык дүйнөгө келген. Сүрөткө кызыгуусу университетке келгенден тарта жаралган. Учурда окуу жайыбыздын бүтүрүүчүсү.