Ректор менен маектешүү чогулуштары жыйынтыкталды


21-сентярбрь күнү 2017-2018-окуу жылынын “Багыттоо” программасынын алкагында университетибиздин ректору проф., док. Себахаттин Балжы жана проректор проф., док. Анварбек Мокеев Түркия Республикасынан жана боордош 11 өлкөдөн келген даярдоо курсунун студенттери менен таанышуу жана маектешүү кечесин өткөрдү.


Маектешүү кечеде эки өлкөнүн гимни аткарылып, окуу жайдын таанытуу видео тасмасын көрсөтүү менен башталды. Ректор маегинде окуу жайда түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдөн кеп салып, адамдык сапаттар жана ийгилик жаратуудагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүштү. Ал өз сөзүндө «Башкаларга окшош болуу силерди эч качан өзгөчө кылбайт. Өзгөлөрдөн мыкты адамдык сапаттарыңар жана жогорку билимиңер менен айырмаланышыңар керек”, -деп билдирди. Ошондой эле студенттерди билим алуу менен бирге коомдук-маданий, спорттук иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.

Ал эми проректор университетте студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн айтып, бул мүмкүнчүлүктөрдү туура пайдаланууга чакырды.
Жолугушуу чакан программадагы концерт менен коштолду. Маектешүүнүн катышуучулары “Дастан” комузчулар ансамбли менен “Манастын кыздары” бий тобунун жана Түркменстандык студентибиз Бакы Гылыжевдин таланттарына күбө болуп кайтышты.


Кошумчалай кетсек, даярдоо курсунун студенттери 23-сентябрда университет тарабынан уюштурулган “Ала-Арча” жаратылыш паркына жана “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине саякат кылынаары белгилүү болду.

Даярдаган: Адинай Курманова