Даярдоо курсунун студенттери саякатка барышты


23-Сентябрь күнү Түркия Республикасы жана боордош 11 өлкөдөн келип билим алып жаткан даярдоо курсунун студенттери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана “Ала-Арча” жаратылыш паркына саякат кылып кайтышты.


Саякаттоо программасы 2017-2018-окуу жылынын “Багыттоо” программасынын алкагында уюштурулду. Саякаттоого университеттин ректору проф., док Себахаттин Балжы, административдик жетекчилер жана 150 студент катышты. Алгач студенттер “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине саякат жасашып, анын тарыхы тууралуу кенен маалымат алышты. Мындан тышкары улуу инсандардын жаркын элесине куран түшүрүлдү. Кийинки саякаттоо “Ала-Арча” жаратылыш паркында уланды.

Студенттер менен бирге саякат кылган ректор проф., док Себахаттин Балжы студенттердин окууларына ийгилик каалап, окуу менен бирге коомдук иштерди да айкалыштыра билүүгө чакырды.


Белгилей кетсек, саякаттоо иш-чарасы Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалы тарабынан жыл сайын окуу жылынын башында жүргүзүлгөн багыттоо программаларынын алкагында уюштурулуп келет.

Даярдаган: Адинай Курманова