Central Asian Cup 2016


16-17- апрель күндөрү АУЦАда өткөн "Central Asian Cup 2016" Эл аралык дебат турниринде “Манас” дебат клубунун мүчөсү  Ильяс Жумабеков күмүш байгени жеңип алды

Дебат Линкольн-Дуглас форматында өткөрүлүп, финалдык оюнга Ильяс Жумабеков менен Казакстандык Чыңгыз Ибраимов чыкты. Турнирдин жүрүшүндө биздин студент КТМУнун эле эмес, жалпы Кыргызстандын атын татыктуу коргой алды.

Аталган турнирге Орто Азиядан, Литвадан жана Украинадан чакырылган мыкты спикерлер катышып, 1000$ (миң доллар) өлчөмүндөгү баш байге үчүн күч сынашкан.