“Manas People” 1 жашта!


“Manas People” скетч- шоу юмористтик проектинин бир жылдык мааракеси өткөрүлдү. Иш-чарага окуу жайдын ректору, окутуучулар жамааты, эстрада ырчылары, бий топтору, жана студенттер катышты.


Маараке университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжынын сөзү менен ачылды. Ал өз сөзүндө “Manas People” проектинин жетишкен ийгиликтерин баса белгилеп, мындан дагы жогорку бийиктиктерди багынтарына ишенээрин билдирди. Ошондой эле ар дайым колдоо көрсөтөөрүн айтты.


Кече башынан аягына чейин жандуу маанайда өтүп, ар түрдүү кызыктуу оюндар жана жарыштар менен коштолду. Оюндун жеңүүчүлөрүнө англис жана кытай тилин бекер окууга бир айлык сертификаттар жана кызыктыруучу белектер берилди.

Концерт кыргыз эстрада ырчылары Толгонай Арзыкеева, Жан Сабыров, Жетиген, Айдана Дека жана “Ага-ини” тобунун чыгармалары менен уланды. Ал эми бий топтордон “Тумар КР” жана “Адем” өз өнөрлөрүн тартуулап кайтышты. Мындан тышкары кечени “STAND UP”, “Тамашоу” жана “Эл эмне дейт” скетч проектисинин оюнчулары келип меймандарга жылмаюу тартуулап кайтышты.


Иш-чарага “Авемлис” ишке орноштуруучу компаниясы жана “Чипсы Пир” компаниясы демөөрчүлүк кылышты.
Белгилей кетсек “Manas People” скетч- шоу юмористтик проекти бир жылдан бери университетибиздин Студенттик иштер башкармалыгынын студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын алдында иш алып барууда. Командада жалпы 12 студент эмгектенишет.


Даярдаган: Адинай Курманова