“Бүтүрүүчүдөн студентке” семинарларын баштайт


“Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” жана “Инсандык өнүгүү” клубу тарабынан “Бүтүрүүчүдөн студентке” долбоорунун алкагындагы алгачкы семинар уюштурулду. Семинар КТМУнун бүтүрүүчүсү, Таиланддагы “World Peace Initative” уюмунун тренери жана долбоор менеджери Чолпон Жунусова тарабынан өткөрүлдү.


Семинар интерактивдүү форматта өткөрүлүп, кызыктуу оюндар жана суроо-жооптор менен коштолду. Семинарда Чолпон Жунусова өзүнүн студенттик күндөрүнөн тартып, бүгүнкү ийгиликтерди багынткан кыска өмүр таржымалы жана тажрыйбалары менен бөлүштү.

Ошондой эле убакытты туура пайдалануу жана адамдар менен байланыш түзүү темаларында кеңири баяндап берди. Жыйынтыгында студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берип, коюлган максаттарды аткаруу үчүн эч качан баш тартпоого чакырды.


Кабарчы: Адинай Курманова