Мектеп окуучулары үчүн “Мен жол эрежесин билем” семинарлары башталды.


Үстүбүздөгү жылдын 5-октябрында “Манас +” командасы тарабынан Бишкек шаарындагы №95 мектеп гимназиясында 9-11-класстардын окуучулары үчүн “Мен жол эрежесин билем” аталышындагы семинар өткөрүлдү.


Аталган семинар КТМУнун Кесиптик жогорку мектебинин Автоунаа тейлөө жана оңдоо программасынын окутуучусу проф., докт. Улукбек Давлятов тарабынан өтүлдү. Семинарда жол эрежелери боюнча негизги түшүнүктөр кеңири айтылды. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелеринин ичиндеги укуктар жана андагы коопсуздукту сактоо эрежелери баяндалды.

Мектеп окуучулары өзүлөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүшүп, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Проф., докт. Улукбек Давлятов өз сөзүндө “Учурда жол эрежесин билүү жана сактоо өз өмүрүңдү сактоо дегенге барабар. Андыктан бул жаатта кеңири түшүнүк алуу өтө маанилүү”,-деп билдирди.
Мындан тышкары семинарда жол эрежелери боюнча түзүлгөн суроо-жооп түрүндөгү оюн уюштурулду.


Белгилей кетсек, семинарлар университетибиздин ректоратынын колдоосу менен Студенттик иштер башкармалыгынын Студенттер жана бүтүрүүчүлөр менен иш алып баруу филиалынын жетекчилигинде өткөрүлүүдө. Жыл боюнча өткөрүлүүсү пландалган иш-чаралардын алкагында “Мен жол эрежесин билем” семинары, кийинки жумада аталган мектептин 5-8-класстын окуучуларына “Манас+” жана инсандык өнүгүү клубу тарабынан өткөрүлөт.

Даярдаган: Адинай Курманова