Дене-тарбия жана спорт жогорку мектебинен иш-чара


11-октябрда Дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин 1-курстарынын студенттери үчүн “Кош келдиң 1-курс” кечеси өткөрүлдү. Иш-чарага университеттин ректору, биринчи проректору, окутуучулар жамааты жана студенттер катышты.


Кечеде “Университетибиз жана спорт” аталышындагы видео тасма көрсөтүлүп, салтка айланган биринчи курстун студенттерине “Билим ачкычын” жана “Спорт ачкычын” тапшыруу аземи орун алды. Ачылыш сөзүндө дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин мүдүрү доц., док. Канат Жанузаков “Акыркы эки жылда студенттерибиздин жетишкен ийгиликтери сөзгө алынарлык даражага келди десем болот.

Спорттун бир канча түрү боюнча Кыргызстандын улуттук курамасына кабыл алынып жатышат”,- деп билдирди. Ал эми университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы спортчулардын ийгиликтерин баса белгилеп, мындан дагы талыкпай эмгектенүүгө чакырды.


Мындан тышкары кечеде 2016-2017- окуу жылында спорттук мелдештерде жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттерге мактоо баракчалары жана белектер тапшырылды. Соңунда 1-курстун студенттеринин ант берүү аземи орун алып, концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Даярдаган: Гүлүмкан Алдашева