Дебат клубунун чоң ийгилиги


Үстүбүздөгү жылдын  3-апрель  күнү Астана шаарында жаңы муундун эл аралык дебат турнири болуп өттү. “Көчмөндүн асманы” деп аталган бул оюнда "Манас" дебат клубунун мүчөлөрү  Айгерим Казыбаева жана Айсулуу Бердалиева биринчиликти жеңип алышты. Мындан сырткары мыкты спикер наамы да Айгерим Казыбаевага ыйгарылды.

             Турнирге "Манас" дебат клубунан жалпы 3 команда катышып, коло байгени да биздин университеттин студенттери, тагыраак айтканда Азамат Алмазбеков жана Айзирек Алмазбекова ээледи.

             Эске  сала кетсек, аталган турнирге Казакстандын күчтүү спикерлери чакырылып, Россиялык көрүнүктүү Роберт Устян жана Шамхал Муртазалиевдер соттун милдетин аткарышкан.