"Манас" кыргыз дебаттык клубу


7-октябрда университетибиздин К.Тыныстанов жыйындар залында "Манас" кыргыз дебаттык клубунун бул жылкы сезонунун ачылышы болуп өттү. Иш-чарага жалпы 200дөй студент катышты.

Белгилей кетсек "Манас" ДК университетибиз тарабынан жылдын эң мыкты клубу деп табылган. Клуб тарабынан жуманын ар ишемби күнү дебат боюнча тренинг өткөзүлүп турат.

Даярдаган: "Манас" кыргыз дебаттык клубу