Карылар үчүн кайрымдуулук жарманке


Үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында “Ак-ниет” кайрымдуулук клубу, Теология факультети жана Көркөм өнөр тарабынан карылар үчүн “Кайрымдуулук тамак-аш” жарманкеси уюштурулду.

Жарманке университеттин Экономика жана башкаруу факультети менен башкы имараттын алдында өткөрүлдү. Жарманкеде студенттердин колунан жасалган боорсок, каттама, самсы, сыяктуу даамдар менен бирге салаттар жана таттуулар сатыкка коюлду.

Чогулган каражатка Бишкек шаарындагы Ленин Райондук карылар үй-интернатына керектүү буюм-тайымдар алынып берилди. Карылар үйүнө барган студенттер белектерин тапшырышты.

Ал эми университетибиздин Көркөм өнөр факультети чакан программадагы концерт тартуулашты. Мындай кайрымдуулук жарманкелери университетибизде жыл сайын өткөрүлүп келет.

Кабарчы: Назарбай кызы Аксаамай