Нуржигит Кадырбеков: “Ата-Энеӊ сенин бейишиӊ”


Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу “Ыйман “ диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, 19-октябрда университетибиздин Касым Тыныстанов жыйындар залында “Ата-Энеӊ сенин бейишиӊ” аталышындагы семинар өттү.


Семинардын жүрүшүндө ата-энеге болгон сый-урмат, адеп тууралуу айтып берди. Ал өз сөзүндө “Ата-энеге мээрим менен кароо, ажылыкка алып барып келүү менен барабар”,-деп билдирди. Ошондой эле студенттерди ата-энени нааразы кылбай, ыраазычылыгын алууга чакырды.


Мындан тышкары “Ыйман” фонду тарабынан тартылган тарбиялык мааниси бар видео-тасмалар көрсөтүлдү. Семинардын соңунда студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берип, мыкты суроолорго өзүнүн калемине таандык “Ант” жана “Япон кереметинин сырлары” аттуу китептерин тапшырды.


Белгилей кетсек, семинар “Инсандык өнүгүү” клубу тарабынан уюштурулган жаңы окуу жылындагы алгачкы семинар.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова