Жаңы муун лидерлери ой бөлүштү


Касым Тыныстанов жыйындар залында, 20-октябрь күнү учурдун жаңы муун лидерлери аталган жаш активисттер тажрыйбалары жана ийгиликтери менен ой бөлүштү.


Иш-чарада жаңы муун лидерлери Көчмөн коомдук фондунун төрагасы Улан Үсөйүн, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун долбоорлор-координатору Табылды Муратбеков, “Лидер” жаштар клубунун негиздөөчүсү Союзбек Надырбеков, Түрк Кеңешине караштуу Студенттик Кеңештин төрагасы Атилла Гүвен, Жалал-Абад жаштар комитетинин экс-төрагасы Бектур Токтоноев жана коомдук активист, журналист Бектеналы Абдрахманов “Лидер” темасынан сөз улай тажрыйбалары менен бөлүштү. Ошондой эле башынан өткөн кызыктуу жана кыйынчылык күндөрүн эскерип, жаштарды ийгиликке жетүү үчүн талыкпай аракет кылууга чакырышты.


Иш-чаранын жүрүшүндө Улан Үсөйүн “Билим алып жаткан окуу жайыңдын престиждүү болушу, ата-энеңдин байлыгы жашооңдо эч нерсе бере албайт. Жашооңдун жолдорун тандоодо жалгыз гана өзүң турасың, ага даяр болуу керек”,- деп билдирди. Ал эми Атилла Гүвен жаштарды патриот болууга чакырып,кыргыз, түрк эки элдин уулумун, эки эл тең мен үчүн бирдей деп баса белгиледи.


Эске сала кетсек, бул иш-чара 2016-2017-жылындагы Студенттик Кеңештин соңку иш-чарасы болду.

Даярдаган: Нурзат Казыбекова