Cтудентибиз алтын байге жеңип алды


“DESIGN CUP” аталышындагы графикалык дизайнерлер арасында өткөрүлгөн турнирде Көркөм өнөр факультети графика бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Нурсейит Насиров алтын байге жеңип алды.


Аталган мелдешке жалпы 11 өлкөдөн 200 дөн ашык жаш дизайнерлер катышкан. Алардын ичинен 127 дизайнер тандалып алынып, ар бирине экиден тапшырма берилген. Жыйынтыгында экинчи турга 48 жаш дизайнер тандалып алынып, 5 номинация боюнча күч сынашкан. Калыстар курамы Кыргызстан, Казакстан, Россия, Украина, Польша, Кытай жана Иран мамлекеттеринин өкүлдөрүнөн түзүлгөн.


Жаш дизайнер катары экинчи жолу катышып жаткан Нурсейит Насиров “Типографика & Леттеринг” номинациясында “Inception” тасмасына арналып жасалган кино постери үчүн 1-орунга татыды.

Ал өз сөзүндө “Коло менен күмүш байгени тапшыргандан кийин үмүтүмдү үзүп койгом, сыйлык алам деп күткөн эмесмин. Алтын байге үчүн атымды атаганда эмне кыларымды билбей калдым. Эң алгач кино постер даярдап, уйкусуз өткөргөн күндөрүм көз алдыма келип кетти”,- деп эскерет.


Белгилей кетсек, “DESIGN CUP” 2009-жылдан бери белгилүү дизайнер Алексей Лысогоров тарабынан уюштурулуп келет.


Даярдаган: Адинай Курманова