Студенттик кеңешке шайлоо болуп өттү


2017-2018-окуу жылы үчүн Студенттик кеңеш башкармалыгынын Башкаруу жана текшерүү кеңештерине үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрында шайлоо өткөрүлдү. Шайлоого университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы, проректор проф., док. Анвар Мокеев, мурунку Студенттик кеңеш башкармалыгынын мүчөлөрү, факультеттин жана бөлүмдүн өкүлдөрү катышты.


Башкаруу кеңешине жалпы 10 студент талапкер болсо, текшерүү кеңешине беш студент талапкерлигин койду. Шайлоо ачык түрдө өткөрүлдү.


Шайлоонун жүрүшүндө университеттин ректору проф., док. Себахаттин Балжы өткөн жылдагы Студенттик кеңештин иштерин баалап, бул жылы да татыктуулары келсин деген пикирин билдирди.

Ал эми 2016-2017-окуу жылында Студенттик кеңеш башкармалыгынын төрагалык милдетин аткарган Залкар Акылбек уулу бир жыл ичинде аткарылган маданий, илимий, спорттук иш-чаралар тууралуу айтып берип, жаңы шайланган студенттерге ийгилик каалады.

2-ноябрда Башкаруу жана текшерүү кеңешинин жаңы мүчөлөрү ачык шайлоо өткөзүштү. Жыйынтыгында 2017-2018-окуу жылынын Студенттик кеңешинин төрайымы болуп көркөм өнөр факультетинин 4-курсунун студенти Алина Тилектешова жана анын орун басары болуп туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин 3-курсунун студенти Салим Акбаш шайланды.

Ал эми Студенттик кеңештин баш катчылыгына коомчулук менен байланыш жана реклама бөлүмүнүн 1-курсунун студенти Серхат Акбаш дайындалды. Текшерүү кеңешинин төрагалыгына коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Чагатай Чаган Йылмаз шайланды.
Белгилей кетсек, Студенттик кеңештин жетекчилигине 2005-жылдан бери алгачкы ирет төрайым шайланды.

Даярдаган: Адинай Курманова